www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип айылдашы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-августта Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 19 жаштагы У.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин 2022-жылдын 5-февралынын түнүндө үйүндө Майрамбек аттуу киши колу-бутун кайрып, автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткен жана аны зордуктаганын билдирген.

Аталган арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда арызда көрсөтүлгөн жаран Кыргызстан айылынын 43 жаштагы С.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо”) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен иш козголгон. Ошол эле күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө жана иликтөө иш аракеттери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости