www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 63 миң долларлык мүлктү уурдоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин тургуну белгисиз адамдар алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтиргенин билдирип, укук коргоо органдарына кайрылган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 27 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2021-жылы жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң доллардан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости