www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-августта өкмөт үйүнүн алдында «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев менен активист Адилет Али Мыктыбекти колдоо акциясы өттү.

Бирок, күч түзүмдөрү Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, баш калаанын борбордук аянтында жана парламент, өкмөт имараттарынын алдында 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертишти.

Буга байланыштуу уюштуруучулар нааразычылык акциясын гулбакта улантты.

Митингдин катышуучулары камалган Мелис Аспековдун, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылды.

Эске салсак, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта ИИМде бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону «Полит Узник» баракчасына жайгаштырганы негиз болгон.

Бул ортодо 16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарган.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, адегенде 48 саатка, андан кийин 2 айга камалган. Ага Facebook баракчасына жазган билдирүүлөрү үчүн «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости