www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Жибек Жолу проспектиси көпүрөнүн реконструкциядан өткөн түндүк тарабын ачуу башка күнгө жылдырылды.
Мэриядан билдиришкендей, аталган көпүрөнүн бир бөлүгү келе жаткан дем алыш күндөрү ачылат.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия аталган көпүрөнүн бир бөлүгү бүгүн унаа кыймылы үчүн ачыларын билдирген.