www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун пара алууга шектелип кармалган бир тууганы Бактияр Төлөнов айып пул төлөп эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

17-мартта Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде камакка алынган Миграция боюнча мамлекеттик кызматтагы борбордун жетекчиси Бактияр Төлөнов мамлекетке 260 миң сом айып пул төлөшү керек.

Биринчи май райондук сотунун токтомуна караганда, 2020-жылдын 9-январында Бактияр Төлөнов 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган. Документте Төлөнов жеке тараптан чет элдеги эмгек мигранттарынын ишине лицензия берүү боюнча маселени чечип берүү үчүн 1 500 доллар талап кылганы айтылат.

Источник: "sputnik.kg"

Последние новости