www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент бүгүн, 9-сентябрда «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Депутаттар сунушталган өзгөртүүлөргө бир добуштан макулдугун беришти.

Өзгөртүү жаңыланган шайлоо мыйзамдарына ылайык киргизилүүдө: 132-берененин 3-бөлүгүндөгү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздөр «январдын төртүнчү шаршембисинде» деген сөздөр менен алмаштырылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — бир катар эл өкүлдөрү.

Учурда колдонуудагы мыйзамдын редакциясында президенттик кезектеги шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөрү каралган. Мыйзам долбоорунда бул датаны жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисине алмаштыруу сунушталууда. Муну менен катар Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоону добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирбей белгилөө эрежеси сакталат.

Последние новости