www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Бишкекке келди

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу бүгүн, 3-октябрда ведомствонун имаратында өттү.

Маалым болгондой, жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, ЖККУнун ишмердүүлүгүн заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен өркүндөтүү, ошондой эле Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо кеңешинин алдыдагы биргелешкен жыйындарына даярдык көрүү маселелери, Министрлер жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитети жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы талкууланды.

Аймактагы кырдаалга токтолгон Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет.

Кулубаев Кыргызстандын эки өлкө ортосундагы маселелердин бардык комплексин саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позициясынын аркасында кырдаалды турукташтырууга багытталган макулдашууларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Нью-Йоркто өткөн жумушчу жыйынында жетишилген кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды ишке ашыруу үчүн ЖККУнун учурдагы механизмдерин тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары Кулубаев ЖККУнун алкагында Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Соңунда министр ЖККУнун башкы катчысына жооптуу иши үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости