www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жеке чакыруусу менен Тажикстанга иш сапары менен барды.

"Сапардын алкагында Таалатбек Масадыков ЖККУнун жоопкерчилик аймагынын тышкы чек арасынын түштүк чегиндеги кырдаал менен таанышып, үч чек ара кошуунунун тилкесиндеги чек ара тозотторуна жана өткөрүү пунктуна барды. Ал Шуроабад багытындагы тоолуу, барууга кыйын болгон аймакта чек ара жолунун курулушунун жүрүшүн жеринде көрүп чыкты", - деп айтылат ЖККУнун катчылыгынын маалыматында.

Сапардын жүрүшүндө Таалатбек Масадыковдун Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин командачысы Муродали Рабжадзода менен жолугушуусу өттү.

Последние новости