www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында ЖККУнун башкы катчысына Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги бекитилди. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.
Ал белгилегендей, бул чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Таалатбек Масадыков эки жылдан бери ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келе жатат. Ал коопсуздук жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө бай тажрыйбага ээ. Уюм анын жетекчилиги аркасында динамикалуу өнүгөт деп эсептейм", - деди ал.
Учурда ЖККУнун башкы катчысы казакстандык Имангали Тасмагамбетов. Анын ордуна эми 1-январдан тартып Таалатбек Масадыков келет.