www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул боюнча маалымат берди.
Анда айтылгандай, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт.
Ал эми, бийик тоолу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо жарандардын төмөндө белгиленген кирешелери эске алынат:
айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн;
кирешелер жана башкалар.
Белгиленгендей, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасынын тактап айтканда муздаткычтардын, телевизорлордун, кир жуугуч машиналардын жана башкалардын болушу эсепке алынбайт.
Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө иштеген абалда кийинкилер бар болсо:
завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
жүк ташуучу автомобиль жана микроавтобустар.
Ошондой эле, үй-бүлөдө майда мал жандыктардын саны үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө 4төн ашык болгон учурда дагы дайындалбайт.
Ири мүйүздүү мал (ИММ) төмөнкүдөй майда жандыктардын (МЖ) шарттуу бирдиктерине которулат:
1 уй = 6 МЖ
1 торпок = 2,5 МЖ
1 жылкы = 7 МЖ
1 бука = 8 МЖ
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
пенсиянын бардык түрлөрү;
мамлекеттик жөлөкпулдар;
сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу, бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана.