www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүң, 11-февралда, Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде «Жалпыга маалымдоо каражаттары» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Аталган мыйзам долбоорун былтыр президент Садыр Жапаров артка кайтарып алган эле. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кайрадан иштеп чыкты. Долбоордо ЖМКны каттоо, кайра каттоо, каттоодон баш тартуу жана каттоодон бошотуу критерийлери каралган.
Сунушталган мыйзам долбоорго ылайык, ЖМК расмий булактан алынган же коомдук жайда айтылган маалыматты чагылдырса жоопкерчиликке тартылбайт. Журналисттердин суроолоруна мамлекеттик органдар үч күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.
ЖМКнын ишмердүүлүгү канда учурда токтотулат?
— ЖМКнын ишмердүүлүгү соттун чечими менен гана токтотулат;
— Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган, кастыкка же зордук-зомбулукка үндөгөн, рассалык жана диний касташууну күчөткөн, террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же терроризмди ачык актаган материалдарды бир жылда эки жолудан ашык жарыялаган ЖМКга жазуу түрүндө эскертүү берилет, ал аткарылбаса медиа жабылат .