www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы Батыш мамлекеттеринин ортосунда ырк кетип, бул нерсе Орусия президенти Владимир Путиндин жашыруун куралына айланды. Бул тууралуу Уолтер Рассел Мид The Wall Street Journal гезити үчүн жазды.
"Путин Батыш коомчулугунун көйгөйлөрүнөн пайдаланып, жыйынтыгында Американын дүйнөгө жайылган тартибин чөгөлөтүү ниетинде", — деп айтылат маалыматта.
Автордун пикиринде, Орусия Батыш менен болгон экономикалык согушка туруштук гана бербестен оппоненттерин сестентип дагы койду. Макалада финансылык кесепеттерден чочулап калган Германия коргонууга кеткен чыгымды көбөйтүү керек деген убадасынан кайта баштаганы белгиленген.
"Өзүн экономика жана саясат жаатында күчтүүмүн деп эсептеп жүргөн Батышка караганда Путин көбүрөөк ийгиликке жетти", — деди Мид.
Ал ошондой эле Батыштын баалуулуктары дүйнөлүк коомчулукту бириктире албаганын белгилеген. Тескерисинче, Кытай, Индия, Бразилия сыяктуу мамлекеттер "Чоң жетиликке" тилектештик кылбастан Орусия менен соодалашууну тандап алганын автор кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg