www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кейт Миддлтон Александр Маккуиндин үйлөнүү үлпөт көйнөгүн кийип, баарыбыз сүйүп калган Кембридж герцогинясына айланганына дээрлик он жыл болду. Үч баланын энеси кайрымдуулук менен алектенеби же балдарын мектепке алып барабы, айтор Миддлтон дайыма эң жарашыктуу кийимдерди кийип жүргөндөй көрүнөт. Коомчулук герцогинянын стилине, этикалык аң-сезимдүү бренддерди тандоосуна дайыма кызыгып келет. Герцогиня көп жылдар бою саркеч жана шыктандырган падышалык стилге ээ болуп келген жана бул жыл дагы алардан эч айырмаланган жок.

Падышалык үй-бүлөнүн жыл сайын өткөрүлүүчү салттарынын бири - Royal Ascot ат майданы. Кембридж герцогинясынын Аскот көйнөгү ачык көк түстө болгон, аны Эли Сааб иштеп чыккан жана тунук жеңдерден тартып кичинекей горох чекиттерине чейин деталдаштырылган.

Ал көйнөктү Филипп Трисинин гүлдүү дизайны менен кооздолгон көк түстөгү шляпа менен эң сонун айкалыштырган. Күйөрмандар герцогиня менен ханыша Елизавета бири-бирине төп келгендерин байкашкан. Ал дагы көк жана гүлдүү шляпа кийип жүргөн.

Герцогиня Zara кийет

Миддлтон Зараны ханышаныкындай кылып көрсөтө алган. Герцогиня кенен кара шым жана жөнөкөй ак чекиттүү топ кийип сүрөткө түшкөн. Кейт сентябрда Лондондогу Sunshine House Балдар жана Жаштардын Ден соолук жана Өнүгүү борборундагы иш-чарага ушул эң сонун кийим менен чыккан. Ал борборго медайымдар менен жолугушуу үчүн келген.

Кембридж герцогиниясы бир эле кийимди эки жолу кийгенден баш тартпайт. Ал бул кызгылт костюмду эки жолу, алгач 2017-жылдын январында Лондондогу Королдук опера театрына барганда кийген. Костюм Оскар де ла Рентанын 2015-жылдын күзгү коллекциясынан чыккан. Экинчи жолу ал кийимди 2019-жылы ноябрда Норфолктогу (Англия) Ноок балдар хосписине барганда кийген.

Салт жана өзгөртүү

Герцогиня Кейт менен ханзаада Уильям Пакистандын расмий түсүн урматтоо үчүн жашыл өңдөгү кийимдерди кийишкен. Герцогиня Дженни Пакхэмдин жер чийген жылтырак көйнөгүн кийген. Анын күйөөсү ханзаада Уильям тизеге чейин кийген падышалык үй-бүлөнүн биринчи эркек мүчөсү болгон. Түштүк Азиядагы эркектер салттуу түрдө тизесине чейин пальто кийишет.

Көк түстөгү сулуулук

Кейт анын жана ханзаада Уильямдын Пакистандагы падышалык турнесинде бир нече сонун көйнөктөрдү кийген. Королдук иш сапарынын биринчи күнүндө Кейт пакистандык салттуу Кэтрин Уокердин кийимин кийген. Герцогинянын көйнөгүнүн уникалдуу көк түсү Миддлтондун кайын энеси маркум ханбийке Диана 1996-жылы Пакистанга барганда кийген көйнөккө окшош. Бул эки падышалык аялды бири-бирине биринчи жолу салыштырып жатышкан жок. Кейт ханбийке Диананын стилин буга чейин да кайталаган.

Кембридж герцогинясы кийимге жаңы жашоо бергени менен белгилүү жана бул ак түстөгү Барбара Касасоланын көйнөгүн да кайрадан иштеп чыккан. Үч баланын энеси 2016-жылы "Жылдын Көркөм фондунун музейи" сыйлыгынын иш-чарасында биринчи жолу бул көйнөктү кийип чыккан. Ал көйнөк менен жыл сайын өтүүчү "Көз карандылыктан кабардар болуу" жумалыгына келгенде кайрадан баарын таң калдырды. Ал көйнөктү атлас клатч жана жаркыраган металл туфли менен айкалыштырган.

Этикалык аң-сезимдүү коллекциялар

Герцогиня 2019-жылы дебют кылган биринчи көйнөгү кочкул жашыл түстө, жеңи узун болгон. Ал аны өзүнүн сүйүктүү бренддеринин биринен тандап алган. Көйнөктү Beulah London бренди иштеп чыккан, ал өз кирешесинин 10%ын адам сатуунун курмандыктарына берип келет. Герцогиня буга чейин бул брендди бир нече жолу кийген. 

Үй-бүлөлүк иш

Кембридж герцогинясы бүт үй-бүлөсү менен Букингем сарайында өткөн аскерлердин парадына катышууга барганда, Александр Маккуиндин сары көйнөгүн жана Филипп Триси тарабынан тигилген гүлдүү шляпа кийген. 

Маккуиндеги герцогиня

Ак герцогиниянын өңү окшойт. Ал дайыма мындай түстө укмуштуудай көрүнөт. Герцогиня Александр Маккуиндин бул көйнөгүн 2019-жылы Лондондо Принц Уильям менен бирге катышкан EE Британ академиясынын кино сыйлыктарына (BAFTAs) кийген. Ал көйнөктү бриллиант билерик жана ак клатч менен бириктирген. Түгөйлөр Альберт Холлдун сыртындагы кызыл килемге келгенде, баарынын көңүлүн бурган аксессуар герцогиниянын сөйкөлөрү болду – бермет жана бриллиант таштан жасалган сөйкөлөр бир кезде ханбийке Дианага таандык болгон.

Дисней ханбийкеси

2019-жыл герцогиня үчүн оңой эмес жыл болду, ал бул жылы өзүнүн стилин бир аз өзгөрттү. Бирок, Лондондогу "Финансыдагы 100 аял" гала-концертине катышканда Дисней ханбийкесиндей көрүнгөн. Кызгылт түстөгү көйнөк, анын куруна жана Оскар де ла Рента тарабынан иштелип чыккан жаркыраган ак туфлисине дал келген. Бул Миддлтондун Диснейдин ханбийклериндей көрүнгөн алгачкы учуру эмес. Герцогиня мурда Золушка менен Авроранын образында чыккан.

Аял жана козголоңчу

Кейт Миддлтон Түндүк Ирландияда өзгөрүүлөрдү жасап жаткан жаштарды колдоо кечесине 2480 долларлык Миссонинин кийимин кийип келген. Герцогиня менен ханзаада Уильямдын катышуусу алар үчүн абдан күтүүсүз болгон.

Түндүк Ирландияга сапарынын экинчи күнүндө герцогиня көгүш түстөгү Mulberry пальтосун кийген. Мулберри Кейттин Улуу Британиядагы сүйүктүү бренддерини бири. Ал саркеч пальтосун Баллименадагы Cinemagic кайрымдуулук иш-чарасына барганда кийген. Пальто алды жагында чоң топчу жана түсүнө дал келген курду камтыйт.

Классикалык күзгү кийим

Анын октябрь айында Улуттук тарых музейине күтүүсүз келгендеги күнүмдүк образдарынын бири эсте калган. Герцогиня кочкул кызыл түстөгү кооз свитер кийген. Ал аны жашыл түстөгү кең шым менен айкалыштырган.  Аталган образ кочкул кызыл түстөгү туфли, Chanel сумкасы жана алтындан жасалган Asprey сөйкөсү менен толукталган. Мындай түстөрдүн айкалышуусу кооптуу болгон. Анткени көп учурда эки ачык түс бири-бири менен айкалышпайт. Бирок Кейт бул образда эң сонун көрүндү.

Элеганттуу кыял

Герцогиня бул көйнөктү март айында Букингем сарайындагы кабыл алууда кийген. Ал дагы бир жолу көк түстөгү ансамблди тандап алган. Кейт бул көк көйнөктө ханышадай көрүнгөн. Бийик жака жана алды жагындагы кичинекей топчулар бул көйнөккө жарашыктуу жана классикалык маанай тартуулап турат. Кандайдыр бир сырдуу жол менен герцогиня эң эски модадагы кийимдерди да заманбап кылып көрсөтө алат. Ал бул образды көк түстөгү клатч жана крем түстөгү такалуу бут кийим менен айкалыштырган.

Кызыл түстөгү нур

Буга чейин көргөнүбүздөй, герцогиня көбүнчө назик түстөргө басым жасайт. Ал эми, Кэтрин Уокердин бул көйнөгү менен чыкканда дароо эле эл арасында кызуу талкууга алынды. Көз жоосун алган кызыл түстөгү пальто чоң алтын топчулар менен коштолуп, образга өзгөчө бир стиль тартуулап турат. Ал бул пальто-көйнөктү март айында Вестминстер аббаттыгында Шериктештик кызматында кийген. Герцогинянын стилине дайыма көз салып тургандар бул пальтону экинчи ирээт кийип жатышканын билишет. Ал буга чейин 2014-жылы Жаңы Зеландияга болгон сапарында кийилген.

Чачтарды коё беребиз

Төмөнкү эки сүрөттү жакшылап карасаңыз, алар бир эле иш-чарада тартылбаганын байкайсыз. Герцогиня аталган көйнөктү кайра иштеп чыккан. Ал Александр Маккуиндин гүлдүү көйнөгүнүн жеңдерин өзгөрткөн. Миддлтон 2017-жылы BAFTA кийген көйнөктү 2019-жылдын март айында Portrait Gala кечесинде кайра кийген. Ал көйнөктү биринчи кийгенде далысы ачык болгон. Кийн ага жең кошуп көйнөккө башкача жан берген.

Герцогиня жана ханыша

Март айында герцогиня менен ханышанын Лондондогу Кинг колледжине барышы эки падышалык аялдын үй-бүлөнүн башка мүчөсү жок биринчи жеке чыгуусу болгон. Герцогиня Кэтрин Уокердин боз көйнөгүн тандап алып, бул сапарда ханышанын жаркырап туруусун чечкен окшойт. Кейт өзүнүн назик көйнөгүн кара колготки, туфли жана клатч менен айкалыштырган.

Шарлоттанын мектептеги биринчи күнү

Принцесса Шарлоттанын апасы анын мектептеги биринчи күнүндө жөнөкөй гүлдүү көйнөк кийген. Миддлтон кызын жылына 23 миң доллар төлөнгөн Томас Баттерси мектебине алып баратканда, Micheal Kors брендинин 180 долларлык көйнөгүн кийип алганы камерага түшүп калган. Бул гүлдүү көйнөгүн ал биринчи жолу кийип жаткан жок. Ал буга чейин аны Меган менен Гарринин 2018-жылы үйлөнүү үлпөтүнүн репетициясына кийип барган.

Кейт өзүнүн гардеробуна абдан маани берет. Ал кийген образдар жана түстөр ар дайым анын стилине туура келет. Герцогиня бул эки миң долларлык көйнөктү сентябрда Лондондогу "Табиятка кайтуу бакчасына" барганда кийген. Көгүш түстөгү көйнөк гүлдүү кооз оюм-чийим менен кооздолгон. Миддлтон күйөрмандары менен учурашып жатып, байсалдуу жана зор жылмаюу менен басып бара жатканын көрүүгө болот.

Кейт жана ханзаада Уильям 2-октябрда Лондондогу Ага Хан борборуна болгон иш сапары учурунда ханзаада Шах Карим Аль Хусайни Ага Хан IV менен жолугушкан. Анда герцогиня ARoss Girl x Soler брендинин көйнөгүн кийген. Миддлтон өзүнүн кийимин пакистандык дизайнер Зеендин сөйкөлөрү менен эң сонун айкалыштырган. 

Меган менен ханзаада Гарринин эки айлык уулу Арчи Харрисонду Виндзор сепилинин жеке чиркөөсүндө чокундурууда герцогиня мурдагыдай эле саркеч кийинген. Кейт Миддлтон Стелла Маккартнинин ачык кызгылт көйнөгүн кийип, аны кызыл туфли менен айкалыштырган.

Албетте, королдук үй-бүлөдө аксессуарлар манилүү деталь болуп саналат, ошондуктан герцогинянын шляпалары менен жөнөкөй сөйкөлөрү кереметтүү болгондугунун мааниси бар.

Кейт теннис күйөрманы катары белгилүү жана ал жылына бир нече ирээт Уимблдон матчтарын көрүүнү аракет кылат. Ал оюндардын биринде байкалып, Борбордук корттун Королдук орундугунда отурган. Герцогиня 2017-жылы People журналына бул турнир "англис жайынын эң маанилүү бөлүгү" деп түшүндүргөн. Бул жылы ал ак-кара Сюзанна көйнөгүн жана Александр МакКуиндин курун тагынган.

Кара-ак кийген сулуу

Кейт июнь айында Гартер орденин тапшыруу аземине барганда укмуштуудай ак-кара ансамблди кийген. Кембридж герцогиниясы Кэтрин Уокердин дагы бир ак жакалуу пальтосун кийгенин көрүүгө болот. Ал кара шляпа, бермет сөйкөлөр жана кара туфли менен образды аяктаган.

Стиль иконасы

Дизайнер Женни Пакхэмдин 2011-жылдагы коллекциясындагы көйнөгүн герцогиня кайра иштетип чыккан. Бул аны мода иконасына айландырган көйнөктөрдүн бири. Ал бул көйнөктү 2016-жылы Англиянын Кингс Линн шаарындагы Хьютон Холлдо кайрымдуулук салтанаттуу кечки тамагына катышканда кийген. Алгачкы жолу бул көйнөктү 2011-жылы Принц Уильям менен үйлөнүү тоюнан кийин эл алдына расмий түрдө чыкканда кийген.

Жылдыздар жана падышалык үй-бүлө

Кейт 2018-жылы эң көрүнүктүү образды кийип, ал падышанын эң модалуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири катары белгилеген. Кереметтүү Эрдемдин көйнөгүнүн мойну ассиметриялык сызык менен коштолуп, толук узундуктагы бири-бирине дал келбеген топчулар жана винтаж стилиндеги жасалгалары бар.

Акушерка Миддлтон

Рождество маалында Кенсингтон сарайы Кейт Миддлтондун Кингстон ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барган сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр 2019-жылдын башында, Кембридж герцогинясы төрөт бөлүмүнө барып, клиникаларды көрүп, төрөттөн кийинки палаталарды кыдырып жүргөндө тартылган. Бул сапары үчүн Кейт принт басылган көйнөк жана кара колготки тандап алган. Үч баланын энеси иш сапарынын жүрүшүндө ачык кат жазып, акушерлерге жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

Кичинекей мен

Ата-энелердин балдарына окшош кийингени ар дайым жагымдуу көрүнөт. Кейт менен Уильям Рождество майрамында балдары менен бирдей кийинген. Сандрингэмдеги Рождество майрамына катышуу үчүн Кейт жөнөкөй саркеч боз пальтосун өзү жакшы көргөн жашыл түс менен айкалыштырган. Герцогиня кызы ханбийке Шарлоттанын пальтосуна дал келген изумруд жашыл шляпа жана такалуу бут кийим кийген. Ханзаада Уильям менен ханзаада Джордж дагы окшош кийинишкен.

Крикет Шик

Биз Кейттин Пакистандагы турне модасын көп көрдүк. Ал ар бир сапарында өзүнүн кийимдерин эң сонун тандап алган. Герцогиня үчүн Крикет ойноо кадимки көрүнүш. Турдун төртүнчү күнүндө падышалык жубайлар Улуттук Крикет Академиясына барышкан. Иш-чара күтүүсүз болгондуктан, ыңгайлуу кийим талап кылынган. Анда герцогиня Гүл Ахмед тарабынан жасалган шалвар камиз менен ак кроссовкаларды айкалыштырган.

Анын "фирмалык" пальтосу                                                                                                                                                                                                       

Герцогиянын баш тартпай турган айрым образдары бар. Биз алардан жакында баш тартпайт деп үмүттөнөбүз, анткени ал мындай образда ажайып көрүнөт. Кейт Миддлтон көп жылдар бою кийген Александр Маккуиндин пальтосунда абдан таанымал. Ал пальтону Биркенхедде Сэр Дэвид Аттенборонун урматына арналган өзгөчө иш-чарага катышканда кийген. Мындай өзгөчө учурга ал пальтону көк туфли, бриллиант сөйкөлөр жана Asprey брендинин клатчы менен айкалыштырган.

Ачык күлгүн түс

Ал жөнөкөй болушу мүмкүн, бирок герцогиня керек учурда кантип кийинүүнү билет. Ал Уильям экөө чогуу барган иш-чараларга окшош кийинип барышчу. Бул жолу принц Уилям кызгылт галстук тагынган. Королеванын бакчасындагы кечелеринин биринде Кейт өзүнүн сүйүктүү дизайнерлеринин бири Александр Маккуин тарабынан жасалган күлгүн түстөгү көйнөк кийген. Ал бул укмуштуудай пальто-көйнөктү Джульетта Боттерилдин баш кийими менен айкалыштырган.

Боз түс сүртүмү 

Кембридж герцогинясы көп учурда ачык түстөрдөгү киймдери менен белгилүү, бирок мезгил-мезгили менен ал жумшак өңдөргө да маани берип турат. Кейт Лондондогу Кингс колледжине Кэтрин Уокердин пальто-көйнөгүн кийип келген. Миддлтон боз өңдөгү пальтону кара колготки жана туфли менен, андан сырткары кичинекей кара клатч менен айкалыштырган. Албетте, аталган образ Сильвия Флетчердин баш кийимисиз толук болбой калмак.

Жаңы жылдык чечим 

Жаңы жыл герцогиня үчүн модалуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Герцогиня бизди көптөгөн жаңы жана укмуштуудай кийимдери менен таң калтырат деп ишенебиз. Ал жаңы жылды болжолдогондой түстүү пальто-көйнөк менен баштады. 2020-жылдын 5-январында Миддлтон күйөөсү ханзаада Уильям менен Сандрингемдеги чиркөөгө барганда дал ушул кийимди кийип барган.

Өзүнө ишенимдүү Кейт

Кейт ноябрь айында Лондондо жайгашкан Couture мода брендинин кочкул көк түстөгү көйнөгүн кийип чыккканда болуп көрбөгөндөй бактылуу жана ишенимдүү көрүнгөн. Герцогиня аны биринчи жолу кийген жок. Бул көйнөктү ал 2017-жылы биринчи жолу кийген. Бул жолу герцогиня өзүнүн кийимин Руперт Сандерсондун бийик такалуу туфлиси, кара клатч жана сапфирден жасалган кооз сөйкөлөр менен айкалыштырган. Бул кийимде Кейт абдан укмуштуудай көрүнгөн жана биз бул көйнөктү жакын арада кайра көрөбүзбү деп ойлонбой коё албайбыз.

Кейттин сүйүктүү дизайнерлеринин бири бул - Кэтрин Уокер. Ал маркум ханбийке Диананын да сүймөнчүк дизайлеринин бири болгон. Лондондо жашаган франциялык модельер Уокер көп жылдар бою падышалык үй-бүлө менен кызматташып келет. Герцогиня өзүнүн жакын курбусу Софи Картердин үйлөнүү тоюна барганда Уокердин колунан жаралган кийимди кийип барган. Таң калыштуусу, ал бул пальто-көйнөктү биринчи жолу кийген жок. Ал бул образды биринчи жолу 2017-жылы Польша менен Германияга гастролдоп барганда кийип барган.

Падышалык көк түс

Кейт кайненесинин жолун жолдоп өзүн дайыма эң сонун алып жүрөт. Ал чет өлкөдөгү сапарларынын биринде Пакистандагы мектепке барган. Анда ал жергиликтүү дизайнер Махин Хандын көк түстөгү көйнөгүн кийип, сөйкө, шакек менен айкалыштырган. Уильям менен Кейт Пакистандын лидери Имран Хан менен жолугушкан. Маркум ханбийке Диана дагы Пакистанга бир нече жолу барган жана ал өлкөнү абдан жакшы көргөнү айткан.

Кежуал шик

Герцогиня Түндүк Ирландиянын Ньютаунардс шаарындагы фермага барганда баарын таң калдырды. Биз Кейттин ферманын жаш коноктору жана жаныбарлары, анын ичинде жыландар жана альпакалар менен баарлашканын көрдүк. Бул үчүн Кейт фермада бир күн бою ылайыктуу кийинип жүргөн. Ал көк түстөгү водолазка, жашыл куртка, тар кара джинсы шым жана узун күрөң өтүк кийип жүргөн. Герцогиня образын жаркыраган алтын жалбырактуу сөйкөлөр менен толуктаган.

Анын сүйүктүү бут кийими

Кейт 2019-жылы Королдук Багбанчылык Коомунун Хэмптон Корт сарайына гүлдүү, кыска жеңдүү миди көйнөгүн кийип барган. Кейт Миддлтон аны өзүнүн жакшы көргөн бут кийимдеринин бири менен айкалыштырган. Ал Castañer брендинин бут кийимин адатта, күнүмдүк көйнөктөр менен кийет. Ал бул бийик такалуу бут кийимди бир нече жолу кийгендиктен, ал анын сүйүктүүлөрүнүн бири экенин ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Кейт интервьюга келгенде, биз аны мурда көргөн Sézane кофтасы менен көрдүк. Герцогиня көк түстөгү пальтосун кара водолазка менен жупташтырган. Ал эми биринчи жолу январдын аягында Лондондун "Эрте Жылдар Фондунун" балдар бакчасында жана Стоквелл Гарденстеги мектепке чейинки билим берүү мекемесине барганда кийген. Ал кезде аны кара байпак, узун өтүк жана кара кол кап менен айкалыштырган.

Ачык жашыл түстөгү көйнөк

Жакында Кейт бул күтүүсүз жаркыраган көйнөктө пайда болгондон кийин герцогиниянын стили өзгөргөнүн көрдүк. Ачык жашыл түстөгү бул көйнөк көңүл бурдурбай койбойт. Бирок, ал көйнөктү кара байпак жана L.K.Bennett Mollie Bootsтун бут кийими менен кийип образды бир аз жөнөкөйлөттү.

Тынч жана өзүнө ишенимдүү

Ардактуу коноктор жана абройлуу саясатчылар менен жолугушуу көпчүлүк адамдарды оңой эле толкундантат бирок, Кейтти эмес. Кейт Польшага барганда ак өңдөгү юбка-костюм кийип, укмуштуудай ишенимдүү жана жыйнактуу көрүнгөн. Кейт образына өзгөчөлүк тартуулоо үчүн кызыл клатч көтөрүп алган. Ал өзүнүн кийимин ачык түстөгү туфли жана токтоо жасалгалары менен толуктаган.

Классикалык жибек

Кембридж герцогинясынын гардеробун элестеткенибизде, ал ар бир дизайнердин кийимине толгон деп ишенебиз. Бирок, бир нече варианттардан Кейт ар дайым Мулберри аттуу дизайнерге тартылат. Ал бул жолу калың жашыл пальто, шляпа, мээлей жана Сорелдин кышкы өтүгүн Mulberry сумкасы менен биргеликте айкалыштырган. Образ классикалык сөйкөлөр менен аяктаган.

Ар бир түстө сонун

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында герцогиня LEYF Stockwell Gardens балдар бакчасына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине алдын ала эскертилбеген иш сапары менен барып, ал жерде балдарга эртең мененки тамак берүүгө жардам берген. Күнүмдүк иш-чара үчүн Кейт Aegeanдин көгүш пальтосун, Sezanneнин ак свитерин жана кара бут кийимди тандаган. Герцогиня Кейт күн желесинин ар бир түсүндө сонун көрүнөт. Бирок, анын эң жакшы көргөн түстөрүнүн бири көк. Ал мейли кочкул көк же деңиздин өңүндөй болсун, Кейтке баары жарашат.

Кейт Миддлтондун Пакистандагы падышалык турнесиндеги гардеробу укмуштуудай сансыз көрүнүштөрдү камтыган. Ачык көктөн деңиздин өңүнө чейин. Ал эми Кэтрин Уокердин ансамбли эстен кеткис таасир калтырды. Ал бул ажайып көйнөктү учактан түшкөндөн кийин кийген. Кийим көйнөк жана шымдан турган салттуу шалвар камизге окшоштуруп тигилген. Ал аны өткөн жылдын 14-октябрында Пакистандын Исламбад шаарындагы Нур-Хан аскер-аба күчтөрүнүн базасына барганда кийген.

Ханышалык туруш

Өткөн жылдын 31-октябрында биз герцогиянын Лондондогу Императордук согуш музейине барганын көрдүк. Кейт Дженни Пакхэмдин көк көйнөгүн клатч жана туфли менен кийген. Көйнөк анын фигурасына абдан жарашкан. Кейт Миддлтон көбүнчө британдык модельер, атактуу жана кадыр-барктуу Дженни Пакхэмдин кийимдерин кийет. Женни көбүнчө даяр кийимдерди тигүү менен бирге үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүнө да тигет.

Кенсингтон сарайындагы Оранжериде өткөн Анна Фрейд атындагы Балдар жана үй-бүлөлөр үчүн улуттук борбордун гала-кечесинде Кейт жерге чейин жеткен кара түстөгү Дайан фон Фюрстенбергдин токулган көйнөгүн кийген. 

Кызыл түстөгү нур

Кейт Миддлтон Англиянын Хейс шаарындагы Глобалдык академиянын расмий ачылышында Heads together иш-чарасында кызыл түстөгү көйнөктү кийген. Герцогиня ханзаада Гарри жана Уильям менен биргеликте, ал Арманинин жаркыраган ачык кызыл түстөгү юбка костюмунда кемчиликсиз көрүнгөн.

Кара жана ак

Бул жерде анын Падышалык Пакистандагы турунан дагы бир көрүнүшү. Кейт Beulahтын кара пиджагы, ак туникасы, ак шымы жана Russell & Bromleyдин кара бут кийиминде байкалган. Ал ханзаада Уильям менен Исламабаддагы армиянын кинолог бөлүмүнө болгон акыркы иш-чарасына катышкан.

Горох куурчак

Дагы бир жолу ак менен каранын айкалышырган герцогиня Warner Brothers студиясына келгенде абдан сулуу көрүндү. Жетимишинчи жылдардан бери горох чекиттери модадан чыгып, кайра кирип келе жатканына карабастан, герцогиня бул көйнөктө укмуштуудай көрүнүп турду.

Кызыл килемден басуу

Кембридж герцогиниясы Action on Addiction кайрымдуулук уюмун колдоп, Лондондогу "Боб аттуу көчө мышыгы" фильминин бет ачарында кызыл килемден басып өттү. Ал гүлдүү токулган көйнөк кийип чыгып баарын таң калдырды. Кейт кызыл клатч, кара замша туфли жана кызгалдактай болгон брощь менен образын толуктаган. Лондондо ноябрдын суук кечи болгонуна карабастан, герцогиня жай мезгилиндегидей ажайып көрүнүп турду.

Кызарган кызгылт өң

Кейт Миддлтон Корнуоллга болгон сапарында кызгылт түстүү көйнөк менен сулуу көрүндү. Герцогиня Лела Роуздун ачык кызгылт көйнөгүн кийип, чачын жарашыктуу жана макияжын табигый чекти сактап турду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости