www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери болду.  Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда “Кактус” басылмасы өз маалымат булагына таянып жазып чыкты.

Азыркы учурда Мирлан Бакиров парламентте “Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү.

Маалыматтар боюнча, кечээ “Мекеним Кыргызстан” саясый партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү чогулган. Анын курамына Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары – Таабылды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов (экөө тең «Республика-Ата Журт» фракциясынан) кирген. Ошондой эле, аларга Марлен Абдрахманов жана атамекенчи Каныбек Иманалиев катышкан.

Жергиликтүү дагы булактын айтымында, эң кызыгы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, ушул эле партиядан депутат болгон Тынчтык Шайназаров, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Бакыт Сыдыковдор саясий кеңештин жыйынына башында катышып, Мирлан Бакиров лидерликке шайлангандан кийин чыгып кеткен. Маалыматтарга караганда “Мекеним Кыргызстанга” лидер болуп шайлоого аттанаары кабарланган Төрөбаев Бакировдун лидер болуп шайланганына катуу таарынган дешет.

Марлен Маматалиев журналисттерге берген маегинде бул маалыматты тастыктаган жок, бирок “Мекеним Кыргызстан” партиясынын иш-аракеттерине катышкандыгын да четке каккан жок. Ал эми Каныбек Иманалиевден комментарий алууга мүмкүн болгон эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, партиянын лидери – Ильичбек Салыевич Эргешов. Ал Ош шаарынын мурунку вице-мэри.

 Уюштуруучулардын курамына:

1. Орумбаев Медербек Аманович.

2. Каналиев Бактыбек Эркинович.

3. Эгембердиев Мирусс Тагайбекович.

4. Маткасымов Жаныш Адылбекович.

5. Жумалиев Кубанычбек Маметович.

6. Тажиматов Уланбек Аматович.

7. Жолдошов Өмүрбек Шарабидинович.

8. Акимов Сардалбек Абидинович.

9. Раев Самат Казымалыевич.

10. Кудайбердиев Абды-Маннап Кудайбердиевич кирет.

Аталган партия 2015-жылы, парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн. Osoo.kg порталынын маалыматы боюнча, анын он уюштуруучусу бар, алардын көпчүлүгү курулуш бизнесине байланыштуу.

2016-жылы партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып, бир нече шаардык кеңештерге, анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине өткөн.

Бул жылы “Мекеним Кыргызстан”  саясий партиясы Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында жергиликтүү шайлоолорго катышууда.

Элге кеңири белгилүү маалыматтар боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы “Ихлас” курулуш фирмасынын ээлеринин жеке менчик партиясы болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости