www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

#Taжадым. Бүгүн биринчи жолу онлайн-митинг өтөт

Бүгүн, 5-июнда саат 20:00дө биринчи жолу Фейсбук, Инстаграм баракчалары аркылуу түз эфирде митинг өтөт. 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Кыргызстанда биринчи жолу өтө турган онлайн-митингге чакыруу #Taжадым. Урматтуу мекендештер, Кыргызстандыктар, жерибиздин тагдырына кайдыгер карабагандар! Эгерде сиз арам иштерди кылгандардан жана уурулардан тажасаңыз Эгерде сиз эртеңки күнү кантип жан багам деп жашагандан тажасаңыз Эгерде сиз эркиндик үчүн күрөшүү бул эң негизги максат деп ойлосоңуз Эгерде сиз парламент жалгыз гана бай-манаптардыкы болушун каалабасаңыз Эгерде сиз мамлекетибиздин чекара маселелери биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаратканын ойлосоңуз Эгер сиз эл өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер элдин ханы эмес элдин кызматчысы деп ойлосоңуз Эгер сиз бул чирип кеткен, алдамчы, жана көкмээ системаны бузуш керек десеңиз АЛГАЧ ИРЕТ ӨТӨ ТУРГАН ОНЛАЙН МИТИНГГЕ КОШУЛУҢУЗ #ТАЖАДЫМ 5 июнь 2020 ж. саат 20.00 Инстаграммда @tajadymm жана фейсбук @tajadym баракчасында түз эфир Өткөрүп ийбеш үчүн баракчага жазылыңыз! Бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып Кыргызстан элдики экенин көрсөтөбүз! Бизге чыныгы #РЕФОРМА керек, көз боё эмес!

Публикация от #Тажадым (@tajadymm)

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жаштары социалдык тармактар аркылуу #тажадым аттуу флешмоб уюштурган. Алар көбүнчө өлкөдөгү курч маселелер көтөрүшүп, видео аркылуу бийликке жана коомчулукка байма-бай кайрылуу жасап турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости