www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухан шаарында дарыгер коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал 4 айдан ашык убакыттан бери бул илдеттен дарыланып жаткан. Бейтаптын боору коронавирустан улам жабыркап, анын кесептинен бейтаптын терисинин өңү карайып кеткен. Дарыгер Ху Вэйфэнден коронавирус инфекциясы ушул жылдын январь айында тастыкталган.

Дарыгердин абалы март айында жакшырып, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, жалпы палатага которулган. 22-апрелде бейтап инсультка кабылып, ал эми бир айдан кийин экинчи ирет инсульт алган. Коронавирус инфекциясынан улам бир катар оорулары курчуп кеткен дарыгер 2-июнда кайтыш болот.

Ху Вэйфэн Ухандын борбордук ооруканасында иштеген. Муну менен аталган оорукананын 6 кызматкери коронавирустан каза болду деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернетке коронавируска кабылган эки кызматкердин териси карайып кеткени тууралуу маалыматтар, сүрөттөр тараган эле. Алардын бири Ху Вэйфэн болчу. Кийинчерээк бейтаптардын терисинин карайып кетүүсү коронавирустун организмге тарап, боорду жабыркатуусунан улам гормоналдык баланстын бузулуусу менен түшүндүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости