www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын Орусияга каршы санкциялары жетиштүү натыйжа берген жок. Бул тууралуу Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качканын Politico басылмасына берген маегине таянып РИА Новости жазды.

"Орусия санкцияларга биз ойлогондон да көбүрөөк туруштук бере алат окшойт. Алгач санкциялардын кесепети барган сайын билине баштайт деп ойлогонбуз. Бирок чийки заттан түшкөн киреше Орусиянын мамлекеттик бюджетинин туруктуулугун камсыздады көрүнөт", — деди Качка.

Аткаминер Батыш өлкөлөрүнө санкцияларды күчөтүү, анын ичинде мунай менен газдан тышкары Орусия болотуна дагы эмбарго жарыялоо талабын койду.

Донбассты бошотуу боюнча Орусиянын атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль болуп жаткан окуяларды экономикалык согуш деп баалап жатат. Ал эми президент Владимир Путин АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости