www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште КСДП жана «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын демилгеси менен шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, ЖМК жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Жумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, А.Жунус уулу, А.Акматов, А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин бири Мирлан Жеенчороевдин айтымында, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Андан сырткары, депутат Иса Өмүркулов иштеп жаткан мыйзамда кезектеги Президентти шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленгенин, анткени Президенттин ыйгарым укуктары ошондо токторун, Жогорку Кеӊеш шайлоо күнүнө 4 айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнү дайындай турганын эске салды.

«Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштыруу сунушталууда. Демек, кезектеги президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш», - дейт ал.

Президенттик жана парламенттик шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Булак: "КР ЖК Басма сөз кызматы"

Последние новости