www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан түзүлгөн депутаттык этика кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өттү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова аталган маселе боюнча кеңири баяндама жасады.
Ал аталган кодекстин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кодекске зарылчылык жаралса өзгөртүү киргизүүгө шарт түзүү, эрежелерди мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүп, ачык кылуу, жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн кодексти конструктивдүү колдонуу боюнча жарандык коом жана ЖМК менен диалог жүргүзүү тууралуу негизги беш сунуштамасын берди.
Андан соң, комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова эл өкүлүнүн этикасы анын негизги куралы экенин айтып, 2008-жылы кабыл алынган Жогорку Кеңештин депутаттынын этикалык кодексин жаңылап иштеп чыгуу мезгил талабы экенин кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттын этика кодексин иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ аталган маселе боюнча жакын арада бир нече ирет талкуу өткөрүп, кийинки айда кодексти коомдук талкууга чыгарууну сунушташты.
Булак: NazarNews.kg