www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш эртеңки жыйында кандай маселелерди карайт?

21-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында башталат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. «Жол фонду жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

3. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

4. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Темир жол транспорту жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);

5. «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

6. «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

7. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);

8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости