www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин Украинанын борборуна баруудан баш тартышы Вашингтондун жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөтүп турат. Мындай пикирин кытайлык баяндамачы Чжу Фэн Global Times гезитине жазган макаласында билдирди.

«Байдендин Украинага аскерлерин жибербөөнү чечкени жана Киевге баруу идеясынан баш тартканы Америка Кошмо Штаттарынын жаңжалга катышуу мүмкүнчүлүгү чектелгенин көп жагынан көрсөтүп турат. Мындай кырдаалда Украина өзүнүн көзүрүн жоготот», — деп айтылат макалада.

Публицисттин айтымында, америкалык лидердин чечкинсиздиги Ак үйдүн украин тарапты аскердик пайда үчүн колдонууну каалаганынан да кабар берет. Жу Фэн Байдендин Киевге келүү планы тууралуу кабарларды «Украинаны колдоону» көрсөтүү үчүн «сериал» деп атады.

Буга чейин Байден атайын аскердик операция учурунда Украинага барар-барбасын билбей турганын айткан. «Жооп: мен билбейм», - деди америкалык лидер журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Эске салсак, 17-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Байденге Украинага келүүнү сунуштаган. Ошол эле учурда украин лидери сапар боюнча акыркы чечим америкалык кесиптешинде калаарын моюнга алды, анткени анын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн чыгуу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости