www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды. Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыкты. Кыргыз балбаны атаандашынын далысын жерге басууга аракет жасады.

Бирок ал жыйынтык берген жок. Акыры Шаршенбеков упай артыкчылыгы (6:1) менен Фидахметовду утуп алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсен менен күрөштү. Кармаш кызуу башталып, кыргызстандык балбан Мехри Мохсенди көтөрүп чапканда ал кабыргасынан жаракат алды. Ирандык балбан күрөшө албай турганын билдиргенде жеңиш Шаршенбековго берилди.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости