www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күртстандын жумушчу партиясына каршы аскердик операциянын максаты Ирактын жаңы аймактарын басып алуу эмес, деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анын Түркия парламентинде сүйлөгөн сөзүн НТВ телеканалы көрсөттү.

«Биздин операциянын максаты - Ирактын аймагын террористтерден тазалоо, ошондой эле чек арабыздын коопсуздугун кепилдөө. Түркия эч кандай аймакты талап кылбайт», - деди президент Эрдоган.

Белгилей кетсек, буга чейин түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө ПКК согушкерлерине каршы жаңы аскердик операция баштаганы белгилүү болгон. Операцияга атайын күчтөр жана аба күчтөрү катышууда.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акара ведомствонун брифингинде учактар ​​күрттөрдүн баш калкалоочу жайларына, бункерлерине, туннелдерине, үңкүрлөрүнө жана кампаларына ийгиликтүү чабуул жасаганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости