www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары өз ишин башташты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров көп мандаттуу 29 округдан шайланган 87 депутатка депутаттык мандаттарды тапшырды. №13 округдагы шайлоо мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалды.
Натыйжада, мандатка ээ болушкан эл өкүлдөрү 5 парламенттик фракцияга биригишти. Алардын ичинде депутаттык топторго кирбей койгондору дагы болду.
Жогорку Кеңештеги парламенттик топтор:
• «Мекенчил» – 19 депутат, лидер – Кундузбек Сулайманов
• «Ата Журт» – 18 депутат, лидер – Нурланбек Азыгалиев
• «Элдик» – 18 депутат, лидер – Акылбек Түмөнбаев
• «Ала-Тоо» – 15 депутат, лидер – Жанар Акаев
• «Адилет Кыргызстан» – 14 депутат, лидер – Нурбек Сыдыгалиев
Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Кокулов парламенттик топторго кошулган жок.