www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз улуттук «Манас» театры социалдык тармактарда акыркы күндөрү кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, манасчылардын кароо-сынагына 4 млн сом каражат бөлүнгөн. Театр 7 млн сом бөлүнгөнү тууралуу маалыматты четке какты.

Ошондой эле театр өкүлдөрү манасчылар ортосундагы талаш-тартыш эки адамдын жеке маселеси экенин билдирип, тараптар жарашканын такташты.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда айтылып жаткан Гүлзат Алиева жана Дастан Канатбек уулунун соттук иштерине Кыргыз улуттук «Манас» театрынын эч кандай тиешеси жок экени белгиленди. Бул маселе боюнча театр тарабынан бир да расмий документке кол коюлган эмес.

Театрдын маалыматына ылайык, аталган жагдай боюнча иш алып барган комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң, такталбаган маалымат таратып, театрдын жана айрым жарандардын кадыр-баркына шек келтиргендерге карата укук коргоо органдарына кайрылуу пландалууда.

Кыргыз улуттук «Манас» театры бардык тараптарды мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.

Последние новости