www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-январь саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Анда коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе каралат. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тоноду. Андан тышкары, алар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, медициналык кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратып, клиникаларга жана ооруканаларга зыян келтирүүдө. Ошол эле учурда шаарда тартипти орнотуу үчүн атайын антитеррордук операция башталган. Бул тууралуу Алматы комендатурасынын расмий билдирүүсүндө айтылат, деп билдирет «Казинформ».

Россия Федерациясынын президенти В.Путин кечээ, 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости