www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аянтта башаламандык уюштурган 200гө жакын куралданган адам жүргөнү айтылат.

Алматынын борбордук аянтына атайын аскердик техникалар киргизилип, атышуу башталды. 

50гө чукул атайын техника, анын ичинде БТР, сооттолгон унаалар, куралданган аскерлерди ташыган машиналар келип "Республика" аянтынын тегерек-четин курчаган.

Аянтта башаламандык уюштурган 200гө жакын куралданган адам жүргөн.

"Аскерлер жай тургундарды өздөрүнөн 100 метрдей алыста турууга чакырды. Андан соң атышуулар башталды. Аскер күчтөрү акимчиликке жана президенттин резиденциясына өткөрбөө үчүн ыңгайлуу позицияда турушат", - деп билдирди Sputnik Kazakstanдын кабарчысы.

Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды "Сырттан даярдалган терордук банда", - деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Алматыдагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022

Булак: NazarNews.kg

Последние новости