www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Алматы шаарында абал салыштырмалуу тынч

 

Алматыда ызы-чуу токтоду, көчөлөрдө митингке чыккан адамдар көрүнбөйт. 

Дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолуп, терезелер талкаланып, жол чырактар түбү менен кулатылган.

Ошондой эле Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.

Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атады, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Эске салсак, нааразычылык күч алгандан улам президент Токаев 5-январда өкмөттүн отставкасын кабыл алган. Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана бишка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.

Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиш киши көз жумду.

Чек арадан өтүп аткан фура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022

Ошондой эле Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости