www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Рада Орусиянын саясий жана аскердик жетекчилеринин, ошондой эле орус армиясынын Украинадагы аракеттерин геноцид деп тааныган токтом кабыл алды.

Раданын сайтындагы маалыматка ылайык, токтомду 363 депутат колдоду.

"Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн аракеттери жөн гана агрессивдүү кылмыш эмес. Ал украин элин ырааттуу түрдө жок кылуу, аны инсандыгынан, өз тагдырын өзү аныктоо жана өз алдынча өнүгүү укугунан ажыратуу максатын көздөйт. Бул 24-февралда башталган Орусиянын Украинага каршы куралдуу агрессиясынын акыркы этабында жасалган аракеттерди дароо украин элинин геноциди катары таанууну талап кылат", - деп жазылган Раданын сайтындагы билдирүүдө.

Мындан тышкары Раданын атынан орус армиясынын Украинадагы аракетин геноцид деп таануу өтүнүчү менен токтомду БУУга, Европа Кеңешинин, ЕККУнун жана НАТОнун парламенттик ассамблеяларына, ошондой эле чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен парламенттерине жөнөтүү каралууда.

Раданын бейшемби күнкү жыйынында Z жана V белгилерине тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору да кабыл алынды. Ага ылайык, бул белгилерди кийимдерде, социалдык түйүндөрдө, ЖМКларда, жарнамаларда жана коомдук жайларда колдонууга болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости