www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-августта Кыргызстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы коммерциялык эмес «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин негиздөөчүлөрү Акинай Бекмурзаева жана Эрмат Абылкасымов боюнча ишти карады.

Сот эки соттолгон адамга карата мурда чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Алар 10 жана 9 жылга эркинен ажыратылган.

Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июлунда камакка алынган. “Ихсандын” Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Сот жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды ортоктош тартипте өндүрүү чечимин кабыл алган. Башкача айтканда Бишкек жана Ошто жабыркагандар боюнча эки соттук териштирүү аяктап, өкүм чыккандан кийин жабырлануучуларга келтирилген зыян бөлүштүрүлүп берилет

Последние новости