www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-августта Жогорку сотто мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жазылган арызы каралат. Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан Социал-демократтар партиясы кабарлады.

Биринчи май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан эле. Адвокат "Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон" деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов андан кийин Жогорку сотко да арыз берген.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости