www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Женгону актаган өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот Женго каймана аты бар кримтөбөл Кадырбек Досоновду актаган райондук жана облустук соттордун өкүмүн жокко чыгарды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, прокурор буга чейинки инстанциядагы өкүмдөрдү жокко чыгарууну сунуштап, судья аны канааттандырган. Иш кайра башынан биринчи инстанцияда кароого жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 14-июнда Кара-Суу райондук соту Кадыр Досоновду актаган чечим чыгарып, абактан бошотулган. Анда Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 215-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу") боюнча кылмыштын курамы жок деп табылган. Ал эми 207-берене ("Бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу") менен козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы чечимди күчүндө калтырган.

УКМК кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып таккан. Женгонун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирген. Мындан сырткары, курулуш компанияларына ири суммада салым жасаганы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости