www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун судьялыгына сунушталып жаткан Жаңыл Мамбеталы “кайырмакта” турат. Парламенттин бүгүнкү отурумунда депутат Исхак Масалиев соттукка талапкер Жаңыл Мамбеталынын уулуна бир кездери кылмыш ишин козгошконун билдирди. “Мен ишти кайсы стадияда кыскартышканын сурадым. Жаңыл Мамбеталы тергөө стадиясында кыскартышканын айтты. Бул деген ишти 5-10-жылдан кийин да кайра жандандырууга болоорун, демек Жаңыл Мамбеталы кайырмакта экенин билдирет. Мындай соттор бизде көп”, - деди Исхак Масалиев. Курч талкууларга карабай Жогорку Кеңеш Жаңыл Мамбеталынын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин колдоду.
2013-жылдын апрелинде АКС кызмат абалынан кыянат пайдалануу кинеси менен Каржы полициясынын кызматкерин кармашкан. Пара талап кылууга шектелген Бектур Маматаиров Свердлов райондук сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталынын улуу баласы болуп чыккан. Маалыматтарда ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу кызматы үчүн ишкерден 6 миң доллар пара талап кылгандыгы айтылат. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Б.Маматаиров ишкердин жактоочусунан 115 миң сом жана 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 313- (“Пара талап кылуу”) жана 313-2-беренелери (“Парага ортомчулук кылуу”) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Бирок, түшүнүксүз себептер менен кийинчерээк Башкы прокуратура ишти кыскартып, Бектур Маматаировду бошоткон.
2015-жылы сот Жаңыл Мамбеталы президент Алмазбек Атамбаевге “жихад” жарыялаган Бахтияр Даутовго өкүм чыгарган. Анда Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталынын өкүмү менен айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылган. Райондук сот ага 5 жыл берген болчу.
2016-жылы президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарынбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовду соттогон. Ири суммада пара алууга айыпталган Нарынбаев 3 жыл, ортомчу Коркмазов 1,5 жыл жаза алган. Ошол эле жылы Жаңыл Мамбеталы экс-Башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Капаровдун ишин да карап, аны 3 жылга шарттуу мөөнөткө кескен.
2017-жылы саясатчы Садыр Жапаровду соттогон Жаңыл Мамбеталы мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Биринчи инстанция Жапаровго 11,5 жыл күчөтүлгөн режимде жаза өтөөнү чечкен болчу.
Быйыл Жаңыл Мамбеталы саясатчылар Карганбек Самаков менен Игорь Чудиновго карата биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Ленин райондук соту Карганбек Самаковду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга күчөтүлгөн режимге соттогон.
Булак: NazarNews.kg