www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конституциялык сот тарабынан Жогору Кеңештин табиятына сокку берчү чоң коңгуроо кагылды. Бирок бул жагдайга дээрлик көпчүлүк депутаттар анчалык маани беришкен жок.
Башкача айтканда, мыйзамды коргойт, сактайт деген Конституциялык сот Жогорку Кеңештин депутаттарына уруксааты жок эле кылмыш ишин козгой берсе болот деген чечим чыгарды.
Кызыгы, үч бийлик бутагынын бири катары көз карандысыз өз алдынчалыгына доо кетире турган, баштарына Домоклдын кылычы салаңдап илинип жатса да, мындай көрүнүшкө эл өкүлдөрү өздөрү кайдыгер карашканына коомчулук аң-таң болушту.
Бир гана Жанар Акаев Конституциялык соттун чечими Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгына чекит койчу мыйзамсыз прецедент болоорун белгилеп, бул көрүнүшкө кайдыгер кароого болбой турганын айтып чырылдады. Тилекке каршы, көпчүлүк депутаттар түшүнгөн жокпу, же суудан тайыз, чөптөн жапыз бары-жогум билинбей, кошомат айтып жүрө берсек эч ким тийишпейт дештиби, айтор, баштарын кумга тыккан төө куштун "позасын" карманып отуруп беришти.
Арийне, мага демектен, баарысын көгөндөп тизип, алып барып камап коюшсун, бирок маселе Жогорку Кеңештин өз алдынчалыгына доо кетип жатпайбы? Бул дегендик, парламентте чындык айтылбай, жаназасы окулганга барабар эмеспи. Анда жалаң өңчөй кошоматчылар гана иштеп калышат.
Булак: NazarNews.kg