www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номердеги унаалар аныкталды

Бир аптанын ичинде 364 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номердеги унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январдан 4-февралга чейинки аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 364 унаа аныкталды.

"Алардын ичинен 57 Орусияныкы, 8 Арменияныкы, 9 Азербайжандыкы, 270 транзиттик номерлер, 20 жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Булардын баарына бузуулар тууралуу беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 12 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости