www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте шаардык мэриянын жанында маршруттук таксилердеги жол киренин кымбатташына каршы митинг өтүп жатат.
Шаар тургундары шаардык муниципалитеттин негизги кире беришине келип, шаар бийлигинен жол киренин көтөрүлүшүнө жол бербөөнү талап кылышты.
«Мэрия тарифтерди көтөрүүгө макул боло албайт, анткени, коронавирус пандемиясы учурунда көптөгөн жарандар жумушсуз калышкан. Мындай учурда, жол кире көтөрүлүп кетсе, пенсияны жана эмгек акыны көтөрүү керек», - деп билдирди акциянын катышуучусу.
Белгилей кетсек, маршруттук таксилердин айдоочулары жумушту токтотобуз деп коркутуп, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Маршруттук таксилерде жүрүү тарифин көтөрүү маселесин кароо үчүн муниципалитетте жумушчу топ түзүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Ички иштер башкы башкармалыгы бардык жүк ташуучуларга жазуу түрүндө эскертүү берилгендигин билдирген: коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураган учурда, борбор калаанын мэриясы жеке компаниялар менен кызматташууну кайрадан карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлөт. 18-январда эртең менен 500 кичи автобустун айдоочулары жумушка келген жок.
Булак: NazarNews.kg