www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап... 

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам, өкмөт башчысы Абулгазиев, анын соңунан Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жана Таабалды Тиллаев Баткенге учуп кетишти. Кеткенде дагы жөн кетпей, “Премьер дагы ал жакта, биз да баратабыз...” – деп өздөрүн пиарлай кетишти. 
Кыргызда “жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка ча-ап” деген сөз бар. 
Бул биздин чиновниктер таң калтыргандан тажашпады. Маселени чечиш үчүн аларга тараптар бири-бирин аткылап, анын кесепетинен бир аскерибиз каза болушу керек беле? Анын үстүнө, алардын бул барышы менен эле маселени чечип келиши кыйын го. Болгону “биз барбыз...” деген ишарат. Болбосо барып-келиш үчүн аларга корогон бюджеттеги кайран акча. 
 Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости