www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Актвист Жоомарт Бекташев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Урматтуу Кыргызстандыктар! Бир нерсени билип билбей эле, биздин солдаттар барсын же барбасын деп, түшүнүп түшүнбөй эле саясатчы болуп, ар нерсени жаза бербейли! Ооба бул Казакстандын ич ара маселеси, эл менен бийликтин ортосундагы мамиле! Бирок азыркы Казак бийлиги башкара албай кырдаалды, башка нукка бурду. Ал жакта нааразы болгон жарандарын башка улуттук террористтик кыймылдар деп, башка мамлекетте даярдык көрүшкөн деп айыптады!
Бул дегени мындай көрүнүштөр (төңкөрүш, революция) биздин мамлекетте гана болгондугу бардык мамлекеттерге белгилүү! Ошол себептен биздин жоокерлердин ОДКБнын составында ал жакка барбашы же биздин бийлик тараптан каршы болушу, ушул окуянын баарын биз тараптан уюштурган сыяктуу көрүнүп калат!
Казак аскеринин аудиосун уксаңар, тополоң кылгандардын арасында “кыргыздар жана өзбектер жүрөт” деп айтып жатат. Бул деген жоопкерчиликти башка нукка буруу!
Эртең бийлиги айтат кечеги уюштургандар коңшу мамлекеттен келген террористтик топтор, ошол жакта даярдык көрүшкөн деп. Дагы бир жолу айтам мындай бийликти басып алуу бизде гана болгон. Даярдыктарды башка мамлекетте көрүшкөн деп бизге сөз тийгизип жатат. Казакстандын олигархы Мергулан айтты, “мени эл суранып жатат токтотуп бер элдин алдына чыгып” деп, бирок “мен чыкпайм, себеби эртең бийлик мени уюштуруучу катары элдин алдында душман кылат” деди. Көрдүңөрбү! Жоопкерчиликти башка мамлекетке же адамдарга буруу! ОДКБ кандай чечим чыгарса биздин мамлекет мүчө болгондон кийин аткарууга милдеттүү! – дейт активист Жоомарт Бекташов.
Белгилей кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тоноду. Андан тышкары, алар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, медициналык кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратып, клиникаларга жана ооруканаларга зыян келтирүүдө.
Россия Федерациясынын президенти В.Путин кечээ, 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.
Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган.
Бүгүн, 6-январь саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Анда коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе каралат. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg