www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан изилденип табылган. Айрым маалыматтарга караганда бул кенди СССРдин бийлиги 2005-жылдары иштетүүнү пландаштырып, тилекке каршы, Союз урагандан кийин ар бир республика өзүнүн арбайын тарта баштаганда, экономикалык кризистин алдын алуу үчүн Кумтөр кенин иштетүү каралган.

Бул уникалдуу кен. Ал дүйнө жүзүндөгү эң ири кендердин бирине кирет. Кендин запасы боюнча СССРдин аймагында үчүнчү орунда турган. 716 тонна алтын запасы бар кенди иштетүү боюнча инвесторлорду тартууда ошол учурдагы “легендарлуу” парламенттин трибунасында бир топ талаш-тартыш пикирлер жаралганы эсибизде. Андагы депутат Дастан Сарыгулов канадалык “Камеко” компаниясынын келишине ачыктан-ачык каршы чыкканын, мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Кубанычбек Исабеков жазып чыккан. Кумтөрдү иштетүүгө 26 миң 660 гектар жер аянты 1997-жылы эле берилип, 2009-жылдагы концессиялык макулдашууда бекитилгени анын алкагында ага кошумча 16 миң 330 гектар жер аянтын кен казууга берүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун токтому чыгып, бирок 2012-жылы жокко чыкканы белгилүү болгон.

Тилекке каршы Кумтөрдүн чыры көп. Башында маселе туура эмес чечилген. Иттен жуккан бит, китке айланды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Кумтөргө жасаган кыянаттык кадамдары тууралуу жакында токтолобуз.

Кумтөрдөгү учурдагы абал тууралуу, юрист Жоомарт Жолдошев өзүнүн социалдык тармагына төмөнкүдөй пикирин жазды: “Мекендештер, Кумтөр маселеси ушул бойдон калды окшойт. Элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын, талабын талашкан аткаминер көрө албадым. Аракет кылганы дагы жок. Эмнегедир коркушат экен. Же сабатсыздыктан, же жеке кызыкчылыктан. Абдан өкүнүчтүү.

Ал эми, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн акыбалын мага караганда коомчулук жакшы билет. Аларга деле үмүт жок. Өзүмдөн кошумча айтаарым, бул маселени 100 пайыз элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына бурганга мүмкүнчүлүк бар, бирок ага эрк керек. Эрктүү бийлик келсе жардам бергенге, албетте, даярмын. Бул маселени Фейсбукта көтөрүп талкуулоо эффективдүү платформа эмес. Ошентсе дагы, коомчулук айтып, иш жүзүндө жыйындарды өткөрүп туруусу керек. Активдүү жарандык позиция керек. Кубандырганы, көптөгөн жарандардын жана коомдук активисттердин кайдыгер эместиги. Акыркы чакырыктарда бир нече эксперттик топтордун бар экенин билдим жана аларга жеке эксперттик бүтүмдөрдү берүүгө даяр экендигимди билдирдим. Күч биримдикте! Элдин, өлкөнүн көйгөйлөрүндө бир туралы”, -дейт юрист.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости