www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖРТга жетишпей калгандар качан тапшырса болот?

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ЖРТнын 1-туру кечээ башталып, бүгүн, 19-майда, уланууда. 1-турга жетишпей калгандар 2-3-турга катышса болот. 2-туру 21-22-майда, ал эми 3-тур 22-23-июнда өтө турганы маалым болду.

«Тестирлөө 115 борбордо жүрүүдө. Ал жакта бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ден-соолугун камсыз кылуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Медициналык кызматкерлер да иштеп жатат. ЖРТдан өтүүгө өлкө боюнча жалпы 42 817 абитуриент катталган», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик тестирлөөгө Кыргызстандын орто жана орто кесиптик билими бар жарандары катыша аларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости