www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра Голд» (Centerra Gold Inc.) компаниясы тараткан маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп бере албайт жана алмашууга тыюу салынат. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугу чектелет.

Компания мындай чечимди Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алды.

Аталган компаниянын билдиришинче, акциялар тууралуу чечимдер «Кыргызалтын» менен «Центерра Голддун» 2009-жылдагы келишиминде каралган. Анда кыргыз тарап акцияларын башкаруу мөөнөтүн азыр узарта албастыгы жазылган.

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы 15-майда «Кыргызалтын» ишканасы «Центерра Голддогу» үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыккан.

Басылма акцияларын сатууну «Кыргызалтын» өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.

Ал эми «Центерра Голддун» Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул маалыматты четке каккан.

«Кыргызалтындын» аталган компанияда 77,4 млн. акциясы бар жана ишкана акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка үн ката элек.

Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости