www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Англияда жалпы суммасы 6 миллион долларлык эски монеталар табылды. Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, англиялык жубайлар Адам Стейплс менен Лиза Грейс тапкан кенч Улуу Британиянын тарыхындагы табылган эң ири кенчтердин бири.
Жубайлар металл издегич менен жасалганына миң жылдан ашык убакыт болгон 2 миң 571 даана күмүш тыйын табышкан. Эксперттер аны падыша Гарольд ІІ жана Вильгельмдин тушундагы тыйындар деп белгилешкен. Бул тыйындардын ар бири 1 миңден 5 миң фунт стерлингге бааланышы мүмкүн.
Тарыхчылардын белгилешинче, ал кезде бул монеталардын баасы аябай чоң сумманы чапчыган. Аны каткан адам өтө бай, таасирдүү киши болушу экендиги болжолдонууда.
Кенч тапкан жубайлар тыйындарды музейге өткөрүп беришкен.
Булак: "NazarNews.kg"