www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калык менен биринчи таанышканда эле жашоом өзгөрдү. Ооба, мен бул күндөрү жыйырма беш жаштан ашып калган, бир үйдүн эшигин түрткөн жубан элем. Биринчи күйөөм менен алты айдай жашадык. Отубуз күйүшпөдү. Ортобузда бала дагы болбоду. Эки жолго түштүк. Мен езүмдү күнөөлүү деле сезген жокмун.

Калык менен биринчи ирет көрүшкөндө эле сүйүү деген эмне экенин жүрөгүм туйгансыды. Алсыз жүрөгүм бакыттын даамын сезгенсиди. Негедир биринчи жашоом болбой калганын, мен азыр бир күйөөдөн чыккан жубан экенимди айткым келбей койду. Экөөбүз жолугушуп жүрдүк. Көп ирет өткөн күндөрдү, жубан экенимди айтууга ыңгайлуу учурлар болду. Бирок, андай ыңгайларды колдон учурдум. Айта албадым. Айтсам эле кечигип тапкан сүйүүмдөн заматта ажырачудай, турмушумда бороон башталчудай сезимде болдум.

Биздин сезимдер күндөн-күнгө тереңдей берди. Бир бактылуу күнүмдө Калык колумду сурап, белегин тартуулады. Көзү балбылдап толкунданып алган. Кубанып. Анын чын дилинен, анык сүйүүсү менен колдорума шакек тагып жатканда өзүмдү бир уу жыландай сезип турдум. Кыйналып. Дал ушул учурда баарын ачык айтышым керек болчу. Жок, мен бейбак анда да айтпадым. Кубанычтуу ал ирмемдерди түбөлүккө кармап калчудай сездим.

Белгиленген тоюбузга саналуу күндөр калды. Той болорго аз күн калганда Калыктын жеңелери мен тууралуу абдан сураштырышыптыр. «Биринчи турмушум тууралуу айткам» деп ата-энемди да алдаган элем. «Калптын казаны кайнабайт» болуп, тойго эки гана күн калганда баары ачыкка чыгып калды.

«Мен баарын түшүнмөкмүн. Баарын туура кабыл алмакмын. Ата-энем да түшүнүктүү адамдар. Алар да туура кабыл алышмак. Алдын ала баары кабардар болмок. Бирок мени алдаганыңдын баары ата-энемдин көзүнчө ачыкка чыкты. Туугандарымдын, досторумдун алдында сындырып койдуң. Бактылуу бол». Калыктан ушундай акыркы кат келди...

Мен да сени жоготуп алуудан, ушундай оор күнгө дуушар болгондон коркуп, ушул жолду тандап алганымды, сени кандай гана сүйөөрүмдү билсең кана?! Кечир мени...

Булак: Азия News гезити

Последние новости