www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган А.А. 23-август күнү саат 21:17 чамасында Токмоктогу ооруканадан Бишкек шаарына жеткирилген.

«Бала профилактикалык эмдөөлөрдү төрөт үйүндө гана алган, ата-энеси башка вакциналардан баш тартышкан. Апасы билдиргендей, 10 күн мурун бала сол буту менен мык басып алган. Кийин дене табы көтөрүлүп, жутуу кыйындаган.

Республикалык клиникалык ооруканага селейме диагнозу менен жеткирилген. Анын абалы өтө оор болчу. Жүргүзүлгөн дарылоо жана Тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, бала каза болгон», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Булаку: NazarNews.kg

Последние новости