www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумуртка менен картошканын чекене баасы бир жыл ичинде 1,5 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-мартына карата жумурткага болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 105,85 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 38 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Ал эми картошканын баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 32,53 сомду түздү же 49 пайызга жогорулады.

Ошол эле учурда, жумуртканын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Өзгөн (он даанасы 134,08 сом), Ноокат (он даанасы 123,69 сом) жана Чаек айылында (он даанасы 120,00 сом) шаарларында, ал эми картошкага - Токтогул (кг үчүн 35,00 сом), Жалал-Абад (кг үчүн 34,70 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 34,32 сом) шаарларында түзүлдү.

Жумуртканын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу Балыкчы, Токтогул жана Каракол шаарларында алар 1,5 эсеге катталып, картошкага - Кербен жана Каракол шаарларында - 1,6 эсеге, ошондой эле Бишкек шаарында - 1,5 эсеге жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости