www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаев жөнүндө маалымат бергендерге сыйлык катары 5 миллион долларга чейин төлөөгө даяр. Бул тууралуу АКШнын аталган мекемеси билдирүүсүн media-center.kg сайты жазып чыкты.

"Мамлекеттик департамент Камчы Көлбаевдин камакка алынышына жана соттолушуна, ошондой эле Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн 5 миллион долларга чейин сый акынын жогорулагандыгын жарыялайт", - деп жазылат билдирүүдө, кошумчалаган media-center.kg маалымат агенттиги.

Так ушул таптарда активист Ыктыяр Адылбеков NazarNews маалымат агенттигине байланышып, "Кыргызстандын тагдыры менен ойноп жаткан АКШ менен элчисине тез арада бийлик чара көрүш керек же активисттер чогулуп элчини мамлекеттен кууп чыгабыз", - деген пикирин айтты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости