www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жунушалиев Залкардын дарылануусуна жардам керек

Жунушалиев Залкар атту мекендешибиз кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурап кайрылды.

"Урматтуу мусулмандар! Сиздерди Рамазан майрамыныздар менен куттуктайм. Суранаарым ушул аллахтын улуу Рамазан айында соопчулук кылып менин даары дармегиме жана операцияма жардам бериңиздер.

Менин аты жөнүм Жунушалиев Залкар, 51 жаштамын 2016-жылдан тартып эки бутумдун эттери качып, сөөгү эле калды. Ал аз келгенсип, колдорум ичкерип эч нерсени кармай албай, баспай төшөктө жатып калдым. Мени кичинекей 11 жаштагы балам күнү-түнү карайт.

Дарыгерлердин айтканына караганда, мен тез арада чет өлкөнүн күчтүү дарыларын (Витаминдерин) ичип, өзүмө чара көрбөсөм, бутумдун сөөктөрү чирип кетиши ыктымал .

Урматтуу элим сиздердин жардамыңыздар менен ден соолугумду чыңап алсам, буту колумдун тырышкандары кетип сары суусу токтосо анан Новосибирскийге оперицияга даярданам.

Кичинеден болсода кайрымдуулук кылсаңар, мен Кудай буйруса жакшы болуп бутума туруп кетем.

Сиздерден суранарым улуу күндө соопчулук кылып жардам берип койсоңор 50 сом, 100 сомдон болсо дагы муктаж болуп турам, АКБ Кыргызстан лицовой счет 1030420201737607 Оңой, Умай Pay 24, куик пей, киви терминалдардан салсаңыздар болот 0509 001363 ЭлСом номерине которсоңуздар болот, баарыңыздарга Аллах ыраазы болсун, оорубаңыздар", - деп ал карйылган.

 

Булак: NazarNews.org

 

Последние новости