www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 13-май Түрк тили күнүн куттуктады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Президент Эрдоган Твиттердеги билдирүүсүндө: «Биз түркчө сүйлөшөбүз дедик, ар дайым өлкөбүздүн кызыкчылыктарын жана жабыр тарткандардын укугун түркчө коргодук. Мындан ары дагы укук жана адилеттүүлүк күрөшүүбүздү түркчө сүйлөшүп жүргүзөбүз»,-деди.

Түрк желеги эмодзиси менен «13-Май Түрк тили күнүн куттуктайм» деген сөздөргө орун берилген бөлүшүүдө видео дагы камтылган.

Эрдогандын дүйнө лидерлерине түркчө кайрылуу жасаган жана лидерлер менен чогуу фотосүрөткө түшүп жатканда түрк желегин жерден алган учурлар орун алган видеодо, Стамбулдун мэри болуп турган кезде Эрдогандын бир телекөрсөтүү программасында узатылган «Эгерде Түркия Республикасынын Премьер-министри болсоңуз башка мамлекеттердин лидерлери менен кайсы тилде сүйлөшөөр элеңиз? деген суроого «Түркчө сүйлөшөм» деп жооп берген көрүнүштөргө да орун берилген.

Булак: NazarNews.org

Последние новости