www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакырылган журналист Канат Каниметов 11-мартта УКМКда сурак берип чыккан.
Ал тергөөчүнүн суроолору күбөгө эмес, айыпталуучуга бергендей болгонун «Азаттык» радиосуна билдирди:
«Менден Сегизбаев же «Белизгейтке» байланыштуу телесюжетим тууралуу эмес, негизинен өзүм жөнүндө, өзүмдүн ишим жөнүндө сурап атышты. Айрым суроолор кайталанып берилди. Андай суроолор күбөгө эмес, күбөдөн айыпталуучунун категориясына өткөрүлүүчү адамга бериле турган суроолор экенин юристим да тастыктады», - деди Каниметов.
Журналист Канат Каниметов УКМКга суракка 2015-2016-жылдарда Коомдук телеканалда иштеп жүргөн учурунда жарыяланган макалаларына байланыштуу чакырылганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg