www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гезиттер айдыңына кайрадан кошулган атактуу “Алиби” гезитинин журналисти Упел Анаркулованы, “ушакчы парламент” деген статуска ээ болгон, “ээн ооз” Жогорку Кеңештин азырынча аты белгисиз депутаты телефон аркылуу коркутуп, уят сөздөр менен эрежесиз эр күрөшкө чакырган. Бул тууралуу маалыматты журналист өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Төмөндө журналистин жазган текстин өзгөртүүсүз беребиз:
“Корунуктуу эле депутат (фамиля атын жазбай турайын) мага чалып, коркутуп оозго албас уят создор м.н согуп, ар бир жазган созуно менин фамилям учун миллион сом коём дейт…Жакамды кармадым!!! Анын создорунон бир-экисин гана жазайын. — Эртен барып бетинди коргуз кылып туздоп кетем, сен эмне кыла аласын? Д…ка, С…ка, Ж…п ….Сен жди меня! Теринди тескери сыйрып, он эркекге салып берип кетем. Уктунбу? Бетинди тилип, туздан сээп коём. Сени он эркекге салып берип коём, даже тушунбой каласын…Бой без правилдеги балдар меники экенин билесин, сени зордуктатып коём…оозунан да….ж.б.. дейт! …( ким экенин айтпай турайын, эл кадырлаган депутаттын создорунун жарымы гана…)”,-дейт Упел Анаркулова.
-деп жазып калтырган журналист. Азырынча алкынган депутаттын аты-жөнүн жазып калтырган жок. Демек, кызыктар али алдыда, калдайган Ак үйдө 120 депутат бар. Бул тема акырындык менен жабылып калса, 120 депутаттын деле атына “кара көө” кетет. Жакын арада “терини тескери сыйрый” турган эл өкүлүн деле аты-жөнү билинип калар.
Булак: NazarNews.kg